Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:54

Лондон метросундагы жарылуудан 22 киши жаракат алды


Жарылуудан жаракат алгандарга жардам көргөзүү. Лондон, 15-сентябрь, 2017-жыл.

Британ борборунун полициясы маалымдагандай, 22 кишинин ичинде жарылуу болгон жерден качкандардын тебелендисинде калып жаракат алгандар бар.

Полиция бүгүн эртең менен болгон окуяны “террордук инцидент” катары иликтеп жатканын, метродо жарылган түзүлүш колго жасалганын кошумчалады.

Батыш Лондондун Parsons Green деген станциясында метро поездинин вагонунда калтырган баштык ичиндеги ак челек жарылып, анын артынан өрт чыккан.

Премьер-министр Тереза Мэй полиция “террордук инцидент” деп атаган жарылууга байланыштуу Британиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйыны чакыртылганын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG