Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяны сындады


БУУ Коопсуздук Кеңешинин жыйыны
БУУ Коопсуздук Кеңешинин жыйыны

Коопсуздук кеңеши расмий Пхеньяндын кезектеги ракета учуруусун "чагымчылдыктын жеткен чеги" деп сындады. Кеңештеги он беш мамлекет кол койгон билдирүүдө Түндүк Кореянын аракети аймакка гана эмес, жалпы дүйнө жүзүнө коркунуч жаратары көрсөтүлгөн. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Корей жарым аралында өзөктүк куралдан баш тартуу зарылчылыгын белгилешти.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга 15-сентябрда АКШ жана Жапониянын демилгеси менен чогулду. 15-сентябрь күнү таңында Пхеньяндын ракетасы Жапониянын үстүнөн учуп өтүп, Тынч океанга кулаган.

Орусиянын Улуттар уюмундагы өкүлү Василий Небензя Москва Түндүк Кореяга каршы колдонулуучу жаңы санкцияларга кошуларын билдирди. Ал ошондой эле Түндүк Кореяны жана башка кызыкдар тараптарды опузасын токтотууга чакырды.

11-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга санкцияларды күчөтүүнү бир добуштан колдогон. Кабыл алынган резолюция боюнча Түндүк Кореядан текстиль, жаратылыш газын импорттоого тыюу салынат, ал эми мунай жана мунай заттарын сатууга чектөө киргизилет.

XS
SM
MD
LG