Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 61 жашка толду


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Буга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мамлекет башчысын телефон аркылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакыт жана ийгилик каалады. Мындан тышкары эки президент кыргыз-орус кызматташтыгындагы маанилүү маселелерди да талкуулашты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн "Азаттыкка" кабарлашкандай, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө президент Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалаган.

Эки лидер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашуулардын жүрүшүн жана эки тараптуу мамиленин өнүгүү келечегин да талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG