Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:47

Казакстан 2018-жылды Өзбекстанга арнайт

Мирзиёев Назарбаевди аэропорттон тосуп алды
Мирзиёев Назарбаевди аэропорттон тосуп алды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 16-сентябрдагы Ташкентке мамлекеттик сапарынын соңунда эки лидер биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы мамиленин жаңы этабы башталганын, бардык стратегиялык маселелерде бир пикирде экенин көрсөтүшкөнүн белгилешти. 

- Биздин маданий-гуманитардык байланыштар эки өлкө ортосундагы достук мамиленин маанилүү фактору. Биз 2018-жылы Казакстанда Өзбекстан жылын өткөрүүнү макулдаштык. Казакстан жылын Өзбекстанда өткөрүү да күн тартибинде. Мунун алкагында биздин бир тууган элдердин биримдигинин бекемделишине шарт түзгөн түрдүү иш-чаралар өтөт, - деди Назарбаев.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Өзбекстандагы Казакстан жылы 2019-жылы өтөрүн жазышууда.

Буга чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Казакстанга мамлекеттик сапар менен барган. 

XS
SM
MD
LG