Бишкек шаарынын Ленин райондук соту бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын ишин териштирүүнү улантат. Адвокат Улан Жумаковдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, анда Салянова суралат. Андан соң тараптар жарыш сөзгө чыгышат.
19-сентябрда Бишкек шаардык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантат. Өткөн соттук отурумда күбөлөр суралып бүткөн.
14-сентябрдагы отурумда орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин тергөөдө жана сотто берген көрсөтмөсүн окуп берген. Адвокаттар Маевскийдин көрсөтмөлөрүндөгү дал келбөөчүлүктөрдү белгилеп, соттон Маевскийдин кошумча көрсөтмөсүн да окуусун талап кылышты. Сот Адис Момуналиев андан баш тартып, дал келбөөчүлүктөр тууралуу жарыш сөздө айтыларын билдирген.
Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет.
Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.
Текебаевге он, Чотоновго сегиз жыл сураган прокурорлор апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары да аталган инстанцияга доо арыз беришкен.
Текебаев менен Чотонов быйыл 26-февралда кармалган, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурушат. (КЕ)