Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:52

Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышат


Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 18-24-сентябрь күндөрү Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты. Мамлекет башчыны тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт. Иш-чаралардын программасы тууралуу кеңири маалымат азырынча айтыла элек.

Президент Атамабев БУУ Ассамблеясынын жыйынына быйыл биринчи жолу катышат. Өткөн жылы ден соолугуна байланыштуу Нью-Йоркко барбай калган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG