Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 07:10

Москва соту КГБ абагында каза тапкан дипломаттын ишин карайт


Швециялык дипломат Раул Валленберг

Орусиянын соту 18-сентябрда швециялык дипломат Раул Валленбергдин тагдыры боюнча Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) каршы жазылган арызды карайт. Холокост мезгилинде миңдеген венгриялык жөөттөрдү сактап калган Валленберг 70 жыл мурда КГБнын абагында каза тапкан.

Валленбергдин туугандары КГБнын ордун баскан ФСБдан дипломаттын тагдыры тууралуу документтерди ачыкка чыгарууну талап кылып жатат. Бул иш боюнча баштапкы териштирүү 17-августта Москванын Мещанский райондук сотунда өтмөк. Бирок сот иши башталаары менен кийинкиге жылдырылган. Валленбергдин туугандарынын адвокаты Дарья Сухих ФСБ иш менен таанышып чыгууга убакыт сураганын билдирген.

Швециялык дипломат 1945-жылы советтик күчтөрдүн колуна түшкөн. Орусия Валленберг 1947-жылы КГБнын Москвадагы баш кеңсесинде каза тапканын билдиргени менен дипломат кандай шартта көз жумганы так айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG