Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Пакистан: кызматтан четтеген экс-премьердин аялы депутат болду


Кулсом Наваз (солдо) жана кызы Мариям Наваз
Кулсом Наваз (солдо) жана кызы Мариям Наваз

Пакистандын кызматтан четтетилген мурдагы премьер-министри Наваз Шарифттин жубайы Кулсом Наваз парламент депутаты болуп шайланды. Лахордогу шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, Кулсом Наваз 61254 добуш топтоду. Экинчи келген талапкер мурдагы премьердин аялынан кеминде төрт эсе аз добуш алды.

Пакистандын Улуттук ассамблеясындагы Лахор шаарына берилген депутаттык орунду Шариф үй-бүлөсү жана алардын өнөктөштөрү узак убакыттан бери колдон чыгарбай келет.

Июль айында Пакистандын Жогорку Соту коррупция айыптарына кабылган Наваз Шарифти иштен кетирген. Соттук териштирүүгө 2016-жылы Панама досьесинде ачыкка чыккан маалыматтар себеп болгон. Иликтөөчүлөр тобу Шарифтин үй-бүлөсү офшордук компанияларда миллиондогон доллардык байлыгын каткан деген бүтүмгө келишкен. Бирок Наваз Шариф бул айыптарды четке кагып келет.

Шариф кызматтан алынгандан кийин анын депутаттык оруну үчүн кайра шайлоо өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG