Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

"Пирамиданы" парламентке өткөрүү боюнча жумуш тобу түзүлдү


Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети «Пирамиданы" парламенттик телеканал кылып кайра түзүү маселесин талкуулады. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, маселе боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Учурда аталган телеканал Жогорку Кеңештин жалпы жыйындарын түз алып көрсөтүп жатат. Келечекте комитет, фракция жыйындарын, коомдук угууларды да түз алып көрсөтүү жагы колго алынары айтылууда.

“Пирамида” Жогорку Кеңештин карамагына өтө турган болсо аны каржылоо иштери парламентке жүктөлөт.

2010-жылы апрель революциясынан кийин "5-канал" жана “Пирамида” телеканалдары ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылып, мамлекеттин колуна өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG