Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Тиллерсон менен Лавров Сирия, Украина маселесин талкуулашты


Рекс Тиллерсон орусиялык кесиптеши менен жолугаар алдында, 17-сентябрь.
Рекс Тиллерсон орусиялык кесиптеши менен жолугаар алдында, 17-сентябрь.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынынын алдында Нью-Йоркто жолугуп, Украина жана Сирия маселесин талкуулашты.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жекшембинин кечиндеги жолугушууда Сириядагы кармашты токтотуу жана Женева сүйлөшүүлөрүнө шарт түзүү маселеси колголду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова болсо эки өлкөнүн башкы дипломаттары Сирия маселесин, Украинанын чыгышындагы кырдаалды жана Жакынкы Чыгыштын көйгөйлөрүн талкуулаганын кабарлады.

Бул кездешүүдөн кийин Тиллерсон журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынына орус президенти Владимир Путиндин ордуна тышкы иштер министри Сергей Лавров катышмакчы.

XS
SM
MD
LG