Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:52

Зилалиев: Liglass менен келишимди жокко чыгаруудан Кыргызстан утулбайт


Чехиялык "Liglass Traiding" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгаруудан Кыргызстан зыян тартпайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, келишим ишке ашпай калса, чехиялык компаниянын 1 миллион доллар күрөөсү Кыргызстанда калат.

Өнɵр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет быйыл 28-июлда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана дагы он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерде жеңип алган "Liglass" компаниясы 1 миллион 147 миң 719 доллар ɵлчɵмүндɵгү кепилдик акыны жана тендерге катышуу үчүн талап кылынган 2 миллион сомду (10 кичи ГЭСтин ар бири үчүн 200 миң сомдон) тɵлɵгɵнүн жарыялаган.

Мунун алдында чехиялык Lidove Noviny гезити "Liglass" компаниясы Кыргызстанга 1,2 миллион доллар кепилдик төлөм бербегенин жазып чыккан эле. (NT)

XS
SM
MD
LG