АКШнын президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесиндеги бүгүнкү иш-чарада уюмду реформалоо маселесин көтөргөнү турат. Анда президент Трамп дүйнөлүк уюмдун ишин жакшыртуу багытындагы пландары менен бөлүшөт. Ал шейшемби күнү 193 мамлекет мүчө болгон Башкы ассамблеянын жыйынында да биринчи жолу сөз сүйлөгөнү жатат.
Бул жолку жыйында уюмду реформалоону жактаган резолюция долбоору да талкууланат деп күтүлүүдө. Ага 120дай өлкөнүн лидерлери кол койгон. Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя өз өлкөсү бул резолюцияга кол коеру күмөн экенин орус маалымат каражаттарына айтты.
Дүйнөлүк уюмга эң көп акча берген Американын президенти Дональд Трамп Бириккен Улуттар Уюмунда реформалар жана өзгөрүүлөр жасалышын талап кылаарын буга чейин да билдирген. Расмий Вашингтон АКШнын уюмга бөлгөн каражаттарын кыскартышы мүмкүндүгүн ишара кылган.