20-сентябрдан 24-сентябрга чейин Катардын борбор шаарында өтүүчү эл аралык аңчылык жана бүркүт көргөзмөсүндө кыргыздын боз үйү тигилди. Катар, Кувейт, Испания, Пакистан, Германия, АКШ, Франция, Ливан жана башка бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан бул иш-чарада мергенчиликтин заманбап жана салттуу шаймандары көрсөтүлөт.
Кыргызстан ага мейман катары катышып жатканын Катардагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчи Нуран Ниязалиев “Азаттыка” билдирди.
Катардагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү бул көргөзмөгө боз үйдөн тышкары улуттук тамак-аш, кийимдерди да алып барышат.
Элчи Ниязалиев: “Биздин маданиятыбызды, тарыхыбызды, үрп-адаттарыбызды араб өлкөлөрүнө таанытуу максатында боз үйдү алып келдик. Катарда жашаган мекендештерибиз дүйнөнүн чар тарабынан келген конокторду тосуп, комузда, ооз комузда, чопо чоордо ойногон жердештерибиз бар. Алар өз өнөрүн тартуулашат”, - деди. (BCh)