Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Чүй: Сүт фермасындагы өрттөн жабыркаган адам 90% күйүк алды


Чүйдө сүт фермасынын кызматкери денесинен 90% күйүк алып ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалар министрлиги кабарлоодо.

19-сентябрда саат 00:53 чамасында Маевка айылындагы сүт фермасынын аймагында темир каркаска шифер жабылган, аянты 300 чарчы метр кампанын чатыры, ичиндеги темир цистерна жана беш резервуарга куюлган алты тонна “Нефрас” эритмеси, эки тонна күн карама майы күйгөн.

Өрт болгон жерден жабыркаган 25 жаштагы жаран азыр Бишкек шаарындагы №4 оорукананын реанимациясында жатат.

Соңку бир суткада Кыргызстандын аймагында 33 өрт кырсыгы катталды.

XS
SM
MD
LG