Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Куудул Иманкулов: Бабанов үчүн берген убадаларыма ишенбегиле


Абдылда Иманкулов
Абдылда Иманкулов

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушууларында алып баруучу болуп жаткан куудул Абдылда Иманкулов аны менен кызматташуусун токтотту. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп, журналисттерге билдирди.

Иманкулов Бабанов менен 10-сентябрдан бери Ош облусунун айрым айылдарын кыдырып, “Бабанов президент болсо Кыргызстан же парламенттик, же президенттик башкарууга өтөт, премьер-министр деген кызмат болбойт” деп элге убада берилгенин, бирок Жалал-Абадга келгенде Бабанов Төрөбаев менен бириккени жарыяланып, бири президент, экинчиси премьер-министр болору айтылганда ал тууралуу пикирин өзгөрткөнүн айтты:

- Демек, канча жердеги жолугушууда айтылып келип, бир күндө эле программасын өзгөртүп жиберди. Буга чейин кайсы айыл, райондорду кыдырып, Өмүрбек Токтогулович менен кошулуп “ушундай болот”, “мына мындай жаркын келечекте жашайбыз” деп айткан болсом, суранам, биринчиден, мени кечиргиле, экинчиден, менин ал сөзүмө ишенбегиле.

Иманкулов эки саясатчынын биригүүсүнө каршы эмес экенин айтып, болгону, “азыртан позициясын өзгөртүп, кызмат бөлүшүп олтурганына” нааразы экенин айтып, “анда ал бийлик болбойт” деген пикирин билдирди.

Ал эми маяна тууралуу суроого Иманкулов “бул экөөбүздүн ортобуздагы мамиле, иштеп берген күндөрүмдүкүн эсептеп калып, калганын кайтарып берем” деп жооп берди.

"Азаттык" радиосу бул боюнча Бабановдун шайлоо штабы менен байланышканда "Биз Абдылда Иманкуловдун позициясын урматтайбыз жана анын биздин президенттик өнөктүктүн үгүт поездинин көңүл ачуу бөлүмүнө катышпоо чечимин тынч кабыл алдык. Иманкулов менен түзүлгөн контракт боюнча шайлоо өнөктүгүнүн аягына чейинки бардык каржылык милдеттенмелерибизди аткарганбыз" деген жооп алды.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 13 талапкердин катарындагы “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоо алдында тандем түзгөнү 17-сентябрда маалым болду.

Төрөбаев менен Бабановдун Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда шайлоочулар менен өткөн жолугушуусунда Төрөбаев “Бүгүнтөн тарта биздин урааныбыз: Бабанов -президент, Төрөбаев - премьер-министр” деп жарыялаган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG