Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:22

Осмоналиев: Бекназаровду кол тийбестигинен ажыратуу укугубуз бар


Кайрат Осмоналиев
Кайрат Осмоналиев

Борбордук шайлоо комиссиясы Азимбек Бекназаровду талапкерлик кол тийбестигинен ажыратууга укугу бар. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын форумунда Боршайком мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, Бекназаровду тергөөгө чакыруу тууралуу атайын органдардан БШКга кайрылуу келе элек. Эгерде мындай кат БШКга түшсө, комиссия мүчөлөрү аны карап, чечим чыгарат дейт Осмоналиев:

- Учурда "Бекназаровдун талапкер катары иммунитети бар, аны шайлоо аяктаганга чейин эч ким жоопкерчиликке тарта албайт" деген сөздөр чыгып кетти. Бирок андай эмес. Биз көпчүлүк добуш менен аны талапкерлик иммунитетинен ажырата алабыз.

Осмоналиевдин айтымында, тиешелүү органдардын расмий кайрылуусу жок болгонуна байланыштуу маселе БШКнын күн тартибинде эмес.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 13 талапкердин бири - коомдук ишмер Азимбек Бекназаров.

Ал "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда күбө катары көрсөтмө берип, анын күнөөсү жоктугун айткан. Бирок кийин Бекназаровдукуна окшош үн ошол сөздөр калп экенин айтып жаткан аудиотасма интернетте тараган. Бекназаров ал тасма монтаждалганын, калп айтпаганын билдирген. УКМК бул монтаж эмес экенин айтып, ага карата кылмыш иш козгогон. (SDz)

XS
SM
MD
LG