Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Тажикстанда коррупцияга айыпталган жетекчилерге өкүм чыкты


Фируз Холмуродзода
Фируз Холмуродзода

Тажикстанда Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин тергөө комитетинин мурдагы жетекчиси Фируз Холмуродзода 15 жылга кесилди. 19-сентябрдагы Жогорку Соттун чечимине ылайык, анын үй-мүлкү мамлекетке алынып, камактан чыккандан кийин беш жыл жетекчи кызматтарда иштөөгө тыюу салынат.

Холмуродзода алдамчылык, кызмат абалын кыянат пайдалануу жана паракорчулук беренелери боюнча айыпталган. Аны менен кошо агенттиктин дагы беш кызматкери түрдүү жаза мөөнөттөрүн алышты.

Тажикстанда быйыл апрелден тарта антикоррупциялык жана бажы кызматынын жетекчи орундардагы он чакты кызматкери кармалып, өлкөдө резонанс жаралган.

27-июлда Жогорку Сот алгачкы өкүмдөрдү чыгарып, антикоррупциялык агенттиктин жетекчи орун басары Давлатбек Хайрзода менен Согди облусунун Бажы башкармалыгынын жетекчи орун басары, мурдагы тергөөчү Фаридун Беназирзоданы 10,5 жылдан эркиндигинен ажыраткан.

Тергөө маалыматтарына ылайык, Холмуродзоданын үйүн тинткен учурда ири суммадагы акчалар, алтын зер буюмдары катылган кампа табылган.

XS
SM
MD
LG