Мас абалында унаа айдап жүргөнү үчүн Англия футбол курамасынын мурдагы капитаны Уэйн Руни айдоочулук күбөлүгүнөн эки жылга ажыратылды. Ага кошумча 100 саат коомдук жумуш, 170 фунт стерлинг айыппулга жыгылды.
Руни 1-сентябрга оогон түнү Чешир графтыгындагы үйүнөн анча алыс эмес жерде кармалган. Канындагы алкоголдун өлчөмү уруксат берилгенден үч эсе көп болуп чыккан.
Футболчу сотто командадагы өнөктөштөрүнөн, менеджерлеринен жана күйөрмандарынан кечирим сурап, чоң ката кетиргенин мойнуна алды.
31 жаштагы Руни учурда "Эвертон" клубунун чабуулчусу. Дүйнөдөгү эң кымбат футболчулардын бири.