Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:57

Сузакта 23 жаштагы жаранды опузалап, акчасын тартып алды деп шектелген аял кармалды. Райондун Көк-Жаңгак шаарынын тургунун коркутуу жолу менен уюлдук телефонун, 1,5 миң сом акчасын тартып алып, дагы 50 миң сом акча талап кылган деген шектүү аял камакка алынганын облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окуя өткөн айда Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон. Жол кырсыгына кабылдым деген 52 жаштагы аял бул үчүн жигитти күнөөлөөдө. Ага карата Кылмыш кодексинин "опузалап талап кылуу" жана "өзүм билемдик" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG