Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Баткендин шайлоого даярдыгы текшерилди


Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн Баткен облусуна жумуш сапар менен барып, аймактык шайлоо комиссиялары жана участкалык шайлоо комиссияларынын иши, уюштуруу жана керектүү шаймандар менен камсыздоонун абалын көрдү.

Вице-премьер негизинен облус аймагында шайлоону өткөрүүгө даярдык жакшы экенин айтып, зарыл болгон маселелерди чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Облус активи менен жолугуп, шайлоону уюштурууга байланыштуу пайда болгон маселелерди биринчи кезекте чечүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Баткен облусунда учурда 200 участкалык шайлоо комиссиясы иштөөдө. Автоматтык эсептегич үкөктөр аймакка жеткирилген.

Облуста 245 868 шайлоочу бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG