Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Кара-Сууда мекеме ичинде ачылган Жээнбековдун штабы талкуу жаратты


Жергиликтүү активисттер тартып алган видеодон алынган сүрөт
Жергиликтүү активисттер тартып алган видеодон алынган сүрөт

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылындагы № 5237 шайлоо участогу жайгашкан жерде президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы ачылганы тууралуу “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Алардын айтымында, штаб муниципалдык мекемелер жайгашкан имаратта ачылган. Ал жерде айылдын өз алдында башкаруу мекемеси - айыл башчынын кеңсеси жайгашкан. Андан тышкары, почта, “Шамшад суу” чарба ишканасы жана милиция бөлүмчөсү бар.

Жергиликтүүлөр штаб деп айтып жаткан имарат Муратхан Сабиров атындагы мектеп менен бир короодо жайгашкан. Ошол эле мектепте №5237 шайлоо участогу иштеп жатат. Штаб деп айтылган кеңсе менен добушкананын аралыгы элүү метрге жетпейт.

Муну мыйзамсыз деп эсептеген айылдагы активисттер штаб жайгашкан жерди видеого тартып алышкан. Анда имараттын сыртында “Сооронбай Жээнбеков” деген жазуусу бар байрак илинип турганын көрүүгө болот. Ошол кеңседеги бир адам активисттердин камерасын тартып алууга аракет кылганы да тасмага түшкөн. Кийинчерээк байракты алып салышкан.

Тургундар штабды Бахадыр Халматов аттуу жаран башкарарын билдиришти. Бирок Халматов комментарий берүүдөн баш тартып, кеңсе Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимовдун коомдук кабылдамасы экендигин айтты.

Матраимов аталган муниципалдык имаратка штаб ачылганын ырастап, бирок дароо жабылганын белгиледи.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Маматкерим Капаров штаб деп аталган жерден кабары жоктугун билдирип, мыйзамдуу же мыйзамсыз жагын анык билбей турганын айтты.(SE)

XS
SM
MD
LG