Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Кара-Сууда айыл башчынын үйүндө шайлоо участогу ачылды


Шайлоо участогу ачылган жеке турак үйү
Шайлоо участогу ачылган жеке турак үйү

Оштун Кара-Суу районунда айыл башчынын үйүндө шайлоо участогу ачылды. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кырк гектар деген конушта айыл башчы Маматимин Топчубековдун үйүнө №5563 добушкана уюштурулганын "Азаттык" радиосуна аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Комиссия төрагасы Маматкерим Капаров башка жерде имарат табылбаганына байланыштуу жергиликтүү бийликтерден уруксат алып, айыл башчынын үйүнө добушкана ачууга аргасыз болушканын айтты.

Аталган конушта 200дөй адам добуш берет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов айыл башчы муниципалдык кызматкер болуп саналарын, бул маселенин мыйзамдуу жагы караларын билдирди.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 13 талапкер 10-сентябрдан бери үгүт иштерин жүргүзө башташты. (SE)

XS
SM
MD
LG