Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:03

19-сентябрда Москвада советтик жана орусиялык курал конструктору Михаил Калашниковдун эстелиги ачылды. Анда автомат кармап турган конструктордун элеси чагылдырылган.

Михаил Калашников орус адамынын эң мыкты сапаттарынын жыйындысы. Өзгөчө табигый зээн, жөнөкөйлүк, чынчылдык, уюштуруучулук талант. Мунун баары атамекенди коргоо үчүн курал-жарактарынын бүтүндөй топтомун, анын ичинде албетте Орусиянын маданий бренди болгон Калашников автоматын жаратууга түрткү берди, - деди эстеликтин ачылышында сүйлөгөн Орусия маданият министри Владимир Мединский.

Иш-чара башталардан бир нече мүнөт мурда «курал чыгаруучу – өлүм чыгаруучу» деп кыйкырган кишини полиция кармап кетти.

Калашников ойлоп тапкан АК үлгүсүндөгү автоматтар дүйнөдө кеңири таралган куралга кирет жана акыркы 50 жылда дээрлик бардык согуштарда колдонулган. Эсептөөлөргө караганда, дүйнөдө 200 млн даана Калашников автоматы бар.

Михаил Калашников 2013-жылы 94 жашында дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG