Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

БШК Бабанов-Назарбаев жолугушуусуна баа берет


Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Бул тууралуу маалымат Казакстан президентинин расмий сайтында бүгүн, 19-сентябрда жарыяланды. Жолугушууда "эки тараптуу кызматташуу жана бир тууган мамилени бекемдөө маселеси" талкууланганы жазылган. Бирок жолугушуу качан, кайсы жерде болгону маалымдалган эмес.

Шайлоо мыйзамына кирген жаңы өзгөртүүгө ылайык, чет элдик саясий ишмерлердин колдоосун шайлоо өнөктүгүндө колдонууга тыюу салынат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов чет элдин жарандары Кыргызстандагы шайлоо жараяндарында, үгүт процессинде катыша албасын “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Башка президент, чет өлкөлүк жарандар менен сүрөтүн жарыялаган дагы үгүт ишиндеги мыйзам бузуу болуп эсептелет. Биз карап көрөбүз.

Кыргызстанда президенттик шайлоого үгүт өнөктүгү 10-сентябрда башталган. Ал 14-октябрга чейин улантат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG