Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:50

Салянованын соту уланат


Бишкек шаарынын Ленин райондук соту бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын ишин териштирүүнү улантат. Бул күнү прокурорлор сүйлөйт.

Өткөн соттук жараяндарда үч күн катары менен Салянова суралган. Адвокаттардын бири Рабига Садыкова сотто төрөгалык кылган Кубанычбек Касымбековго калыстыктан тайып, айыпталуучунун сүйлөөсүнө жолтоо болуп жатканын айтып ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Сот аны четке каккан.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG