Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Таласта адам сатууга каршы акция өтүүдө


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

19-сентябрдан тарта Таласта адам сатууну алдын алууга багытталган жумалык старт алды. Талас облусунун район, шаарларында түшүндүрүү иштери жүрүп, акысыз кеп-кеңеш берилет.

Иш-чара Кыргызстан боюнча өтүп жаткан «Адам сатууга каршы 100 күн» маалыматтык компаниясынын алкагында ишке ашууда.

Адам сатууну алдын алуу боюнча Таласта тогуз жылдан бери иш жүргүзүп жаткан «Айкөл» коомдук бирикмесинин маалыматына караганда, Таласта мындай окуяга кабылгандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Маселен, 2008-жылы бир жылда эки адам сатылып кеткенин айтып аталган бирикмеге кайрылса, 2016-жылы 168 адам арызданган. Ал эми быйылкы жыл башынан бери бул саны 200дөн ашканын "Азаттык" радиосуна «Айкөл» бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Темирбекова билдирди.

Адистер көпчүлүк жарандар өз укугун билбегендиктен шылуундардын курмандыгы болорун айтып келет. Эркектер оор жумуштарга тартылса, аялдар сойкулук менен алектенүүгө мажбур болушат.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында 5000 адам кулчулукка кабылган. Өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылса, алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгы болгон жаш балдар да жок эмес. (AlS)

XS
SM
MD
LG