Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Атамбаев БУУнун жалпы дебаттарынын ачылышына катышты


Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясынын жалпы дебаттарынын расмий ачылышына катышты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал жалпы дебатта сөз сүйлөйт. Азыркы дебаттардын темасы “Көңүлдү адамга буруу: жашоого жөндөмдүү планетада бардыгы үчүн тынчтыкты жана татыктуу турмушту камсыз кылууга умтулуу”.

Атамбаев ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүндөгү уран калдыктары көмүлгөн кооптуу жайлар көйгөйү талкууланган жыйынга да катышат.

2013-жылы Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы ассамблеясында атайын № 68/218 резолюциясы кабыл алынган.

Атайын кеңешмеде мамлекет башчы өлкөнүн 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү пландары тууралуу айтып берет.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу да пландалды.

Ошондой эле кыргыз делегациясы Нью-Йоркто АКШ-Кыргызстан соода-экономикалык маселеси боюнча жолугушууларды өткөрөт.

Буга чейин ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов "Азаттыкка" маалымат берип, "Европа өнүктүрүү банкы менен Еврокомиссиянын ортосунда Борбор Азиядагы уран калдыктарынын кесепеттерин жоюу, зыянсыздандыруу боюнча атайын эсеп ачылган. Азыр жалпы 16 миллион евро чогулду. Биз Сумсар жана Шакафтар, Миң-Куш, Майлуу-Суудагы калдык сактоочу жердерди коопсуздандыруу багытында үч долбоор өткөргөнбүз. Анын үчөө тең өттү. Чогулган акча Өзбекстан жана Тажикстанга да тиешелүү. Биз үч, Өзбекстан эки, Тажикстан эки долбоор даярдап, сунуштап жатабыз. Жалпысынан жети долбоорго 85 миллион евро керектелет" деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG