Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Донорлор төрт чакан шаардын таза суу долбоорун каржылоого даяр


Ош облусу. Кара-Суу району. (Архив)
Ош облусу. Кара-Суу району. (Архив)

Жогорку Кеӊеште бүгүн Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы, Өзгөн шаарларын таза суу менен камсыздоо жана канализацияны оңдоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашуулар экинчи окууда колдоо тапты.

Аталган төрт чакан шаарда суу жана саркынды түтүктөрү эскирип калган. Аларды оңдоого кете турган каражатты Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бермей болуп жатат.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоорго ылайык, Майлуу-Сууну таза суу менен камсыздоо жана канализацияны оңдоп-түзөөгө 6,65 миллион евро жана 1,6 миллион доллар, Токтогулга 5,3 миллион евро жана 1,21 миллион доллар, Балыкчыга 5,3 миллион евро жана 1,21 миллион доллар, Өзгөнгө 8,5 миллион евро жана 2,75 миллион доллар бөлүнөт.

Каражаттын бир бөлүгү жеӊилдетилген насыя, калганы грант болот.

Расмий маалымат боюнча, учурда Кыргызстанда жүздөгөн айылдарда ичүүгө суу жок. Буга чейин “Таза суу” долбооруна 2001-2014-жылдары эл аралык донорлордон 90 миллион долларга жакын каражат келген. Бирок жаңы түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай калганы, сапатсыз курулганы, коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону айтылган. Өлкө боюнча жалпысынан таза сууга 1,5 миллион адам муктаж. Өкмөт таза суу маселесин чечүү үчүн 40 миллиард сом керек деп билдирген. ​(NT)

XS
SM
MD
LG