Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди кароо 21-сентябрга жылды


Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыргыз-өзбек чек арасы.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыргыз-өзбек чек арасы.

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча келишимди бекитүүнү эртеңкиге жылдырды. Бул тууралуу парламент депутаты, Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү Абдывахап Нурбаев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Бардык фракция лидерлери, депутаттар көбүрөөк келип карасын деп эртеңкиге жылдырууну чечтик. Биз талкууну ачык өткөрүүнү сунуштадык. Өкмөт башчы Сапар Исаков да ачык эле карайлы деп айтты. Эртең жыйын ачык өтөбү же жокпу, депутаттар чечим кабыл алышат.

Депутаттар алгач маселени жабык кароону чечишип, бирок эл өкүлдөрүнүн саны аз болгондуктан 21-сентябрда карамай болушту. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынынын күн тартибине кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратифиакациялоо киргизилген болчу. Келишимге быйыл 5-сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапарында кол коюлган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын 85% такталган. (NT)

XS
SM
MD
LG