Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:24

Мексикадагы зилзаладан өлгөндөрдүн саны 220дан ашты


Баш калаа Мехикодо кырктай имарат урап калганы маалымдалды.

Мексиканын борбордук бөлүгүндө 19-сентябрда болгон жер титирөөдөн набыт кеткендердин саны кеминде 226га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык коргоо боюнча агенттиги маалымдады. Курман болгондордун көбү баш калаа Мехико жана анын жака белинде катталган. АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, зилзала күчү 7,1 баллга жеткен.

Эки миллиондой адам электр жарыгысыз калды.

Мексиканын президенти Пена Нието урап калган мектеп имаратынын ичинен 22 адамдын сөөгү чыкканын, алардын жыйырмасы балдар экенин билдирди. 30дай баланын дайыны табыла элек.

Мехикодо 1985-жылы да катуу жер силкинип 10 миңдей адам курман болгон. Ал эми эки апта мурда, 7-сентябрда болгон күчү 8,1 баллга жеткен зилзала 98 адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG