Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

БШКнын төрт мүчөсү укугу тебеленип жатканын айтып чыгышты


Елена Жылкычиева, Гүлнара Журабаева, Назарали Арипов жана Атыр Абдрахматова
Елена Жылкычиева, Гүлнара Журабаева, Назарали Арипов жана Атыр Абдрахматова

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсү алардын укугу тебеленип жатканын айтып чыгышты. Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева жана Елена Жылкычиева бүгүн маалымат жыйын куруп, алардын пикири эске алынбай жатканын айтып, бул тууралуу коомчулукка, парламентте кайрылуу жолдошту.

Атыр Абдрахматова таза шайлоо өткөрүүгө шарт түзүлбөй жатканын белгиледи:

- Жыйын болорун 15 мүнөт калганда айтышат. Күн тартиби белгисиз. Мыйзам боюнча, талкуулана турган маселенин материалдарын биз алдын ала алып, мыйзамдарды талдап, даярданышыбыз керек. Маалыматыбыз жок болгондуктан мыйзамды бузуп албайлы деп кээде айласыздан каршы добуш беребиз. Менин сунуштарым добушка коюлбайт. Мыйзам боюнча БШК жетекчиси менен мүчөлөрдүн укугу бирдей. Биз шайлоо процессин уюштуруп гана беришибиз керек. А бизге уюштурганга да, иш алып барганга да шарт түзүлбөй, тескерисинче, чек коюлууда, жада калса каралап жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйыны үзгүлтүккө учураган. Буга анын айрым мүчөлөрүнүн катышпай койгону себеп болгонун Боршайкомдун аппарат башчысы Бакыт Жумагулов билдирген:

- Бүгүн келип, бирок кайра кетип калышты. БШКнын күн тартибинде “добуш бериле турган маселелер боюнча материалдар менен ошол күнү таанышат” деген норма бар. Ошондуктан кээде материалдар ошол күнү таратылат. Алар кечигип келип, “биз тааныша элекпиз, көрө албай калдык” деген себептерин айтып жатышат. Бирок ал андай эмес. Жалпы бөлүм бардык суралган материалдарды кагаз түрүндө да, электрондук түрдө да чагырып берүүдө.

Боршайкомдун 12 мүчөсү бар.

Жумагуловдун белгилешинче, кворум болушу үчүн кеминде жети мүчө жыйынга катышуусу талап, бүгүн дагы эки мүчө жүйөлүү себеп менен келе алган жок.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG