Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Шайлдабекова: Бабановду колдогон мүчөлөрүбүз ишке бут тосууда


Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссиянын айрым мүчөлөрү ишке атайын тоскоолдук жаратып жатат деп эсептейт.

Боршайкомдун бүгүнкү отурумунун үзгүлтүккө учурашын “Азаттык” радиосуна комментарийлеп жатып Шайлдабекова аларды президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгын коргогондор деп атады:

- Үгүт иштери боюнча мыйзам бузуулар жөнүндө маселе каралмак. Мисалы, талапкер Бабановго карата. Башка да маселелер бар болчу. Менимче, булар атайын эле, бул маселелер каралбасын деген максатта биздин отурумду болтурбай коюшту, кворум кылбай.

БШКнын бүгүн эртең мененкиге белгиленген жыйыны кворумдун жоктугунан улам болбой калды. Комиссиянын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева жана Елена Жылкычиева маалымат жыйын куруп, алардын пикири эске алынбай жатканын белгилеп, бул тууралуу коомчулукка, парламентте кайрылуу жолдошту.

Атыр Абдрахматова БШК жыйыны болору аларга өтө кеч айтылып, тиешелүү материалдар өз убагында берилбей жатканын айтып, “Биз шайлоо процессин уюштуруп гана беришибиз керек. Бизге чек коюлууда, жада калса каралап жатышат” десе, Гүлнара Журабаева “Биздин жыйындар 90% ошентип өтүүдө. Кээде анча суроо жаратпаган маселелер болгондо мейли, бирок талапкерлер, аккредитацияга байланышкан учурда карап чыгып, даярданыш керек да” деп айтууда.

13 талапкер ат салышып жаткан президенттик шайлоонун добуш берүү күнү - 15-октябрь. 10-сентябрдан бери үгүт иштери жүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG