Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Саакашвили аны жарандыктан ажыратууга негиз берген документтерди талап кылды


Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.

Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили 19-сентябрда Киевде Президенттик администрациянын имаратынын алдында журналисттер менен жолукту.

Ал Президенттик администрациядан жана мамлекеттик органдардан аны жарандыктан ажыратууга негиз берген документтерди көрсөтүүнү талап кылды.

Саакашвили Киевге шейшембиде келген. Июль айында Саакашвили өзү тууралуу жалган маалымат берген деген айып менен украин жарандыгынан ажыратылган. Өзү муну четке кагып келет.

10-сентябрда Михаил Саакашвили Польша-Украина чек арасынын "Шегини" бекети аркылуу өткөн. Анын тарапкерлери украин чек арачыларынын тосмосун бузуп, Саакашвилини украин аймагына алып кирип кетишкен. Кийинчерээк чек арачылар Саакашвилиге чек араны мыйзамсыз өткөнү боюнча протокол тапшырышкан. Бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишин Львов облустук соту 18-сентябрда карамак. Соттук угуулар 22-сентябрга жылдырылганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG