Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Мадумаров шайлоодо Бабановду колдойт деген маалыматты четке какты


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Президенттикке талапкер, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоодо дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановду колдойт деген маалыматты четке какты. Ал "Азаттык" радиосуна Ош облусунун Өзгөн районундагы сөзү жалпыга маалымдоо каражаттарында бурмаланып жарыяланып кеткенин билдирди. "Эгерде Бабановдун пиарчылары бирикти деп жарыялап салган болсо, бул алардын кайгысы. Андай иш болгон эмес" деди Мадумаров.

Ошондой эле ал айрым президенттикке талапкерлердин жана оппозициялык күчтөрдүн ортосунда шайлоодо бир талапкерге токтолуу демилгеси ишке ашпай жатат деген оюн айтты. Жеңишке жетүү үчүн талапкерлерди бийликке каршы күч болуп биригүүгө чакырды:

- Негизги деген 5-6 талапкердин баары бир муштумга түйүлсө абдан мыкты болмок, бирок тилекке каршы, талапкерлердин ички дүйнөсү ошого жооп бере албайт. Себеби, алар кызматтын аркасында жыйналганга аракет кылышат. Мен креслонун эмес, идеянын айланасында биригели деп жатам. Мына ошол абдан жакшы жол менен бараттык эле. Тилекке каршы "сен президент, мен премьер-министр" деп жарыялай коюп, биригели деп жаткан көптөгөн азаматтардын көөдөнүн суутуп койгону мени өкүндүрүүдө.

Буга чейин президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев шайлоодо биригип, тандем түзгөнүн жарыялашкан. Андан кийин Мадумаров да саясий жарышта Бабановду колдой турганы тууралуу кабар тараган. Бабановдун Өзгөн районунда эл менен жолугушуусунда Мадумаров чыгып сөз сүйлөгөн. Анда Өмүрбек Бабановду Өзгөн жергесине үгүт жүргүзүп келгени үчүн тилектеш-талапкер катары колдоого алып, жолугушууга келгенин билдирген.

Жакында эле талапкерлердин бири Камчыбек Ташиев КСДП президенттик жарышка аттандырган Сооронбай Жээнбековду колдорун жана оппозициялык ишмердүүлүгүн токтоторун билдирген. Бүгүн алар чогуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда шайлоочулар менен жолугушуп, муну ырасташты.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. БШКнын каттоосунан 13 талапкер өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG