Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Өзгөндө эки талапкер чогуу шайлоочулар менен жолугушууда


Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Бабановдун жолушуусу Өзгөн шаарындагы стадиондо өтүп жатат. Жолугушууну куудул Абдылда Иманкулов алып барууда. Талапкер Адахан Мадумаров Өмүрбек Бабановду Өзгөн жергесине үгүт жүргүзүп келгени үчүн тилектеш-талапкер катары колдоого алып, жолугушууга келгенин элге билдирди:

- Кыргыздын өзүнөн мыкты чыгып, президенттикке талапкер катары Кыргызстандын кайсы жеринде болбосун, эл менен жолугушууга укуктуу. Биз бөлүнүп-жарылууну, кокту-колоттук ой жүгүртүүнү ташташыбыз керек. Мен Өмүрбек Бабановду касиеттүү Өзгөн шаарына келгени үчүн конок катары тосуп алдым. Бүтүндөй жети дубандын эли "өз бала" деген түшүнүктөн кетели, жети дубандын элине кайрылам, ушул оорудан айыгалы.

Буга чейин социалдык тармактарда эки талапкер Өмүрбек Бабанов менен Адахан Мадумаров биригип, чогуу жолугушуу өткөрөт деген маалыматтар тараган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага 13 талапкер ат салышууда.(YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG