Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:41

Ашхабад-2017: Кыргыз балбандары үч коло медалга ээ болду


Бел боо күрөшү боюнча байге алган спортчулардын урматына көтөрүлгөн өлкөлөрдүн желеги. 19-сентябрь, 2017-ж. Ашхабад. Түркмөнстан.

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында бүгүн 20-сентябрда Кыргызстандын бел боо күрөшү боюнча балбандары үч коло медал тагынып, үч балбан финалда күрөшөт. Мелдештердин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн бел боо күрөшүнүн классикалык түрүнөн кыз-келиндер арасында алты салмакта, эркектер арасында жети салмакта байгелер ойнотулду.

Кыргызстандан жалпысынан 13 спортчу күч сынашууга чыкты. Алардын арасынан Орозбек Ашыров (-100 кг), Мадаминбек Шаршеналы уулу (-70 кг) жана Нурзат Бактияр кызы (-70 кг) жарым финалда атаандаштарына жеңилип коло медал тагынышты.

Ал эми Эрланбек Мурзабеков (-60 кг), Бекзат Тынчтыкбек уулу (-55 кг) жана Мээрим Мыйзамидин кызы (-55 кг) финалда түркмөнстандык балбандар менен алтын байге үчүн күрөшөт. Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 19:00до башталат.

Ушул учурда Кыргызстан медал алган өлкөлөрдүн катарында бир алтын, алты күмүш жана 13 коло менен 13-катарда бара жатат. Медал алган өлкөлөрдүн көч башын 99 байге менен мелдеш кожоюндары жетектөөдө. Түркмөн спортчулары 43 алтын, 28 күмүш жана 28 коло медал алышкан. Алар алган байгелердин басымдуу бөлүгү түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү жана жиу-житсу спортунан.

17-сентябрда башталган жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары 27-сентябрда аяктайт. Байгелер спорттун 21 түрүнөн ойнотулат. Кыргызстандан 153 спортчу спорттун 17 түрүнөн мелдештерге чыгат. (ECh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG