Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:09

Зилалиев Баткенде бийликтин талапкерин колдоорун айтты


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Вице-премьер-министр, өкмөттүн шайлоону уюштуруп өткөрүү боюнча штабынын башчысы Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облус активи менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдоорун айтып, сураныч келтирди:

- Мен сиздерден бөлүп суранганым бизди, биздин талапкерибизди колдоп бериңиз. Президенттин саясатын уланта турган бул - Сооронбай Шарипович. Мен өзүм ошол кишиге берем. Ал эми араңыздарда ар кандай ой болушу мүмкүн. Жок, сиздики туура эмес деп айта албайм. Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Өзүңөрдүн эркиңер кимге бересиңер. Бирок мен өзүмдүн оюмду ачык айтып койдум. Бардыгыңыздар ушул мамлекеттен, ушул бюджеттен айлык маяна алып иштеп жатасыздар, суу ичкен кудукка, мен суранам түкүрбөгүлө.

Зилалиев Баткенде бийликтин талапкерин колдоорун айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:41 0:00
Түз линк

Вице-премьер-министр жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" үналгысына комментарий берип жатып, анын сөздөрүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын билдирди:

- Ал жерде менден сурашканынан мен айттым кимге береримди. Үгүт катары кабыл албаңыздар деп алдын ала айттым.

Зилалиев президенттик шайлоону уюштуруунун алкагында аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруунун жана керектүү шаймандар менен камсыздоонун абалы менен таанышуу максатында 19-20-сентябрда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырды.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүмүнө ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү үгүт жүргүзүүгө укугу жок.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG