Британиянын Уэльс аймагында Лондондогу метродо жардырууну уюштурууга шектелип үч киши кармалды. Лондон полициясынын Террорчулукка каршы бөлүмүнүн башчысы Дин Хейдондун айтымында, 15-сентябрда метродо болгон теракттан кийин иликтөө ыкчам жүрүп жатканын маалымдады.
"Ушул күнгө чейин беш адам камалды. Төрт дарек боюнча тинтүү иштери уланууда",-деди Хейдон.
15-сентябрда эртең менен Лондон метросунун "Пэрсонс-Грин" бекетиндеги жардыруудан 30 чакты киши жабыркаган. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алган.