Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:56

Жарандык коом сот реформасын талкуулайт


Бүгүн Бишкекте “Сот реформасы жарандык коомдун көзү менен” деген аталышта тегерек үстөл өтөт.

“Укук мектеби” коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлзина Казакованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жыйында сот бийлиги менен жарандык коомдун байланышы жана анын мааниси, коомдук көзөмөл, сотторду тандоо жана судьялардын коом алдындагы жоопкерчилиги деген темаларда талкуулар өтөт. Жыйынга көз карандысыз эксперттер, адвокаттар, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чара “Сапаттуу мониторинг жүргүзүү жана баа берүү аркылуу сот реформасын жылдыруу” долбоорунун алкагында “Сорос Кыргызстан” корунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Сот акыйкаттыгын камсыздоо жана натыйжалуу сот тутумунун иштешин жөнгө салуу маселеси 2010-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин көтөрүлгөн. Кыргызстандын бийлиги көп жылдан бери сот системасын реформалоо милдетин алдыга коюп, аны ишке ашырууга аракет кылганы менен, коомдо сотторго ишеним жок деген пикир дагы эле күчүндө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG