Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Аялдардын коомдогу жана исламдагы орду талкууланат


Бүгүн Бишкекте “Аялдардын коомдогу жана исламдагы орду” аттуу семинар өтөт. “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, бул иш-чара мамлекеттик мекемелерде иштеген кыз-келиндер үчүн алгачкы жолу уюштурулуп жатат.

- Коомдогу диндин орду, диндеги жана коомдогу аялзатынын орду, дин менен жумушту, илимди, ыйманды, адепти кантип айкалыштырып кетсе болот? Мындан сырткары балдарды эмдөө, мектептеги форма боюнча көп маселелер бар. Ушундай суроолорго жооп берилет. Бул биринчи диалог, муну Кыргызстан боюнча өткөрөлү деген ниетибиз бар. Мында радикализм, экстремизмге каршы, анын алдын алуу маселеси турат. Анткени динди билбегендиктен экстремизм болот.

Иш-чарага президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажыматов, муфтий Максатбек Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов катышып, суроолорго жооп берет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Антитеррор борборунун 2016-жылдагы иликтөөсү боюнча, соңку 10 жылда аялдарын радикалдашуусу 24 эсе көбөйгөнү айтылган. Сирияга кетти деген 500дөн ашуун кыргызстандыктын жүздөн көбүрөөгүн аялдар түзөт жана алардын бир тобу 25-30 жаштагы кыз-келиндер.

Өлкөдөгү диний кырдаал 2015-жылы Коргоо кеңешинин жыйынында талкууланып, концепция кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG