Араб жана күрттөрдөн турган “Сирия демократиялык күчтөрү” деген куралдуу коалиция Ракка шаарынын 80% “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан тазалады. Коалицияга АКШ колдоо көрсөтүп келет. Бул аймак өздөрүн “исламчы” деп атаган радикал топтун негизги командалык борбору болгон.
Операциялардын командачылыгы Ракканы ИМден бошотуу кампаниясы соңуна чыгайын деп калганын билдирди. Учурда ага 30 миңдин тегерегиндеги аскерлер катышууда.
Согуш болгонго чейин Раккада калктын саны 300 миңге жеткен. Бул шаар 2014-жылдан бери ИМдин карамагында болчу. АКШ башында турган эл аралык коалиция асмандан сокку урууну колдоп жатат.