Мексика бийлигинин маалыматына караганда, жер титирөөдө Мехикодогу башталкыч класстардын мектеби кулап, андан бери дегенде 26 адам каза болду. Алардын 21и балдар. Бир кыз урандынын астынан куткарылган. 19-сентябрдагы күчү 7,1 баллга жеткен зилзалада каза болгондордун саны 223төн ашты. Бул сан дагы өзгөрүшү ыктымал.
Куткаруу иштери уланууда. Жүздөгөн адамдар жараат алып, үйлөр-имараттар талкаланды. Ыктыярчылар, жергиликтүү тургундар түнү менен өз алдынча эле уранды алдында калгандарды издеп жатышат.