АКШнын мамлекеттик катчысы бул тууралуу 2015-жылдагы келишимдин башка катышуучулары менен Улуттар уюмунда, 20-сентябрдагы сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында билдирди.
Ал бул келишим боюнча Иран үчүн уран байытуу өңдүү өзөктүк ишмердикке коюлган чектөө 2025-жылы бүтүп кала турганына көңүл бурду.
Тиллерсондун айтымында, президент Дональд Трамптын администрациясы Иран менен келишимдин мына ушундай мөөнөтү бүтүп калуучу жоболору өзгөртүлүшүн көздөп жатат.
АКШнын мамлекеттик катчысы алдында Франция президенти Эммануэл Макрон келишимдин кээ бир жоболорун кайра сүйлөшүүгө макулдугун, Тегеран менен Вашингтон ортосундагы талашка ортомчулук кылууга аракеттене турганын айткан эле.
Бирок Ирандын президенти Хассан Роухани кечээ БУУнун Башкы ассамблеясынан кабарчылар менен маегинде келишимди өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн четке какты.
Документтин “ар бир сөзүн, сүйлөмүн макулдашууга эки жыл убакыт” корогонун эске салган Роухани “бир кышты алса, имарат толугу менен кулаганга” барабар болот деп белгиледи.
Дүйнөнүн алты ири державасы Иран менен 2015-жылы түзгөн келишимге ылайык ал өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна Тегеранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.
Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Тегеран келишимдин шарттарын сактап жатат деген тыянакка келгени менен, АКШ лидерлери Иранды өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталарын кайра-кайра сыноо менен келишимдин “маңызын бузуп жатканы” үчүн айыптап келишет. (UE)