Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Садыр Жапаровго атасын акыркы жайга узатууга уруксат берилген жок


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровго атасынын жаназасына катышууга уруксат берилген жок. Анын жубайы Айгүл Жапарованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, камактагы саясатчыга атасын акыркы сапарга узатууга уруксат берүү өтүнүчү Жазаларды аткаруу кызматына жана Жогорку сотко жолдонгон. Бирок аталган эки орган тең ага уруксат берүүдөн баш тартышкан.

Камактагы саясатчынын атасы Нуркожо Жапаров 20-сентябрда 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Сөөгү өзү туулган Түп районунун Кең-Суу айылына 22-сентябрда коюлат.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да бул маселе көтөрүлдү. Депутат Талант Мамытов Жапаровго атасынын ариетине катышууга мүмкүнчүлүк берүүгө бийликти чакырды, спикер Чыныбай Турсунбековдон протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан, аны он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Кийин бул өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырган. (NT)

XS
SM
MD
LG