Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Ооганстан жана АКШ президенттери жолукту


Ооганстан жана АКШ президенттери жолуккан учур. Нью-Йорк, 21-сентябрь, 2017-жыл.
Ооганстан жана АКШ президенттери жолуккан учур. Нью-Йорк, 21-сентябрь, 2017-жыл.

Ашраф Гани менен Дональд Трамптын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү бүгүн Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясы учурунда өттү.

Трамп өз сөзүндө АКШ менен Ооганстандын "Талибанга" жана башка террордук топторго каршы биргелешкен аракеттерин кубаттап, аларга “сокку катуу жана эффективдүү” урулуп жатат деп баалады.

Гани болсо өз тарабынан Трамптын АКШнын Ооганстандагы аскерий турумун чыңдоо боюнча жакындагы чечимин колдоду.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттистин апта башындагы билдирүүсүнө караганда, жаңы стратегиянын алкагында Ооганстанда кошумча 3000дей аскер жайгаштырылып, ал жердеги америкалык аскерлердин жалпы саны 14 миңден ашмакчы.

Гани Трамп менен көзмө-көз кездешкенге чейин АКШнын азыркы администрациясынын максаты төрт жыл ичинде Ооганстандын 80% аймагы өкмөттүн көзөмөлүнө кайтарылуусуна жетишүү экенин билдирген.

АКШнын эсебинде, азыр ооган өкмөтү өлкөнүн жарымын гана көзөмөлдөйт.

Ооган президенти ага катар Нью-Йоркто, Азия коомунун жыйынында сүйлөгөн учурунда АКШнын жаңы стратегиясы ийгилик тапчудай экенин белгилеп, стратегия “биз менен кеңири консультациялардан соң” иштеп чыкты деп айткан.

АКШ администрациянын буга чейин жарыяланган стратегиясы боюнча ооган кризисине “аймактык” мамиле жасалат.

Ошондой эле Пакистандан талиб согушкерлери менен башка экстремисттик топторго башпаанек берүү саясатынан баш тартуу талап кылынган.

Пакистан өз кезегинде мындай айыптоолорду четке каккан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG