Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Шайлоочулардын саны 59 миңге көбөйдү


Мамлекеттик каттоо кызматы 21-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочулардын жаңыртылган тизмесин тапшырды. Ага ылайык, добуш берүүчүлөрдүн саны 2 млн 973 миң 525 адамды түзгөн. Бул жолу мурдагы тизмеге караганда 58 миң 937 адамга көп. Мекеменин жетекчиси Дастан Догоевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, шайлоочулардын саны биометрикалык маалымат тапшырган адамдардын эсебинен көбөйгөн.

- Биринчиден, биометрикадан каттоодон өткөн жарандар бар, экинчиден жаңы биометрикалык ID карта берүүнүн негизинде да кошулду.

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өзү жашаган аймактагы шайлоо участогунан же www.shailoo.srs.kg сайтынан, 119 номерине чалып тизмеден өзүн тактап алса болорун эскерткен.

Каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын 19-сентябрдагы форумунда биометрикалык маалыматын тапшырбаган жарандар шайлоого катыша албасын билдирген. Маалыматка караганда, 800 миңдей кыргызстандык биометрикалык каттоодон өтө элек.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси шайлоого он күн калганда кайрадан жаңыртылып, БШКга тапшырылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG