Бишкектин Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын соту уланып жатат. Жараян башталардын алдында милиция, прокуратура жана депутаттын туугандарынын, тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыш чыкты.
Залга көп киши батпайт деген негизде милициянын 15тен көп адамды киргизбөө аракетине Салянованын жакындары каршылык билдиришти. Аны 8 жылга камоону сураган прокурорлорду акыйкат болууга чакырышып, сотту жана укук коргоо органдарын мыйзамды тепсеп, бийликтин буйругун аткарып жатат деп айыпташты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, териштирүүгө депутаттын тарапкерлеринин бир тобу кире албай, сыртта нааразы болуп турушат. Азыр жараянда тараптар жарыш сөзгө киришти. Соттун адвокаттын жарыш сөзүн бөлүп, иш боюнча гана айтууну талап кылганына да актоочу тарап жана катышуучулар нааразы болушту. Судья Кубанычбек Касымбеков болсо актоочу тарап ишти атайлап создуктуруу аракетин көрүп жатканын айтты.
Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Муну ал саясий куугунтук деп атап келет. (NT)