Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Жаза аткаруу кызматы Жапаров боюнча түшүндүрмө берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу камактагы экс-депутат Садыр Жапаровго атасынын жаназасына катышууга уруксат берилбегени боюнча түшүндүрмө берди. Анын маалыматына караганда,
Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесинин 1-пунктунун (соттолгон адамдардын жаза өтөө мекемелеринен чыгуусу) негизинде соттолгондордун жакындары кайтыш болуп калса же катуу ооруп жатса аларга кыска мөөнөттө барып келүүгө тыюу салынбайт. Бирок ушул эле мыйзамдын 3-пунктуна ылайык, Кылмыш кодексинин 226, 226-6, 227, 229, 232, 294, 295-1, 296, 299, 299-3, 375 жана 376-беренелери менен соттолгондорго уруксат берилбейт.

- Садыр Жапаров Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-берененин (кылмышка катышуу) 4-бөлүгү, 227-берененин 2-бөлүгүнүн 1,3-пункттары (бийлик өкүлүн барымтага алуу​) менен соттолгондуктан ал атасынын жаназасына катышуу үчүн чыгарылбайт, -деп жазды Александр Никсдорф.

Камактагы саясатчынын атасы Нуркожо Жапаров 20-сентябрда 84 жашында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү өзү туулган Түп районунун Кең-Суу айылына бүгүн коюлат. буга чейин Жапаров атасын акыркы сапарга узатууга уруксат берүү өтүнүчү менен Жазаларды аткаруу кызматына жана Жогорку сотко кайрылып, аталган эки орган тең ага уруксат берүүдөн баш тартышкан.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Кийин бул өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырган. Жапаров №1 Тергөө абагында отурат. (NT)

XS
SM
MD
LG