Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Сузакта мугалимдер кысымга кабылганын айтышууда


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Сузак районундагы айрым мектептердин мугалимдери менен директорлору Сооронбай Жээнбековдон башка талапкерлерди колдогону үчүн жергиликтүү билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан кысымга кабылып жатканын айтып чыгышты.

Алар “Азаттык” радиосуна аты-жөнүн ачык айтышкан жок. 20-сентябрда бир топ мугалимдерди райондук билим берүү бөлүмү чогултуп, түшүнүк кат жазып беришкенин билдиришти. Башка талапкерди колдогондор жумуштан бошотулары айтылганын кабарлашты.

Бирок райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айзада Көкчаева бул маалыматтарды четке кагып, "мугалимдерге шайлоо алдында акча таратылып жатыптыр” деген маалыматтан соң аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жетекчилик чакыртканын, эч кимге кысым болбогонун маалымдады.

Сузак районундагы мектептерде 15 миңден ашык мугалим эмгектенет. (RsK)

XS
SM
MD
LG