Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:04

Бишкекте жол талаштан ок атылып, айдоочулардын бири жаракат алды


Бишкектин көчөлөрү. Архив.

Бишкекте жол талаштан ок атылып, айдоочулардын бири жаракат алды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Ахунбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги окуя тууралуу маалымат милицияга 21-сентябрда кечки саат 21.00 чамасында түшкөн. Натыйжада, эки жеңил машиненин айдоочулары жол талаштан улам айтышып, алардын бири экинчисин пневматика тапанчасы менен атып жибергени белгилүү болгон. Ок жабырлануучунун ийнине тийип, жеңил жаракат алган.

Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери эки айдоочуну тең кармаган. Тергөө уланууда. Башкалаанын жолдорунда бири-бирине орун бербөө, жол талашуудан улам айдоочулардын ортосунда пикир келишпестик, уруш маал-маалы менен катталып турат. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG